• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Нарындын дааватка барып келген тургуну бир күндө төрт адамга коронавирус жугузган

16 Чын куран 202017:27 Бишкек Govori.TV

Нарындын Пакистанга дааватка барып келген тургуну бир күндө төрт адамга коронавирус жугузган. Бул тууралуу 16-апрелде брифингде Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев билдирди.

Аалиевдин айтымында, ал адам Пакистанга барып келгени аныкталды. Иш козголуп, учурда ага карата кылмышка шектүү катары тергөө жүрүп жатат.

«Пакистандан Өзбекстанга учуп келип, ал жактан Бишкекке 15-мартта келген, — деди ал. — Бишкекте 19-мартка чейин болгон. 19-мартта такси менен Нарын шаарына келген. Таксинин ичинде чогуу келген төрт адам тең бул ооруну жугузуп алган».

16-апрелге карата соңку бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирус жуккан дагы 17 адам катталды, алардын 11и Нарын облусунда.

Ал эми республика боюнча бул илдет аныкталгандардын жалпы саны бүгүнкү күндө 466, алардын 45и Нарын облусунда.

Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен коронавируска байланыштуу 15-апрелден тартып 30-апрелге чейин Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагына да өзгөчө абал киргизилген. Комендант болуп облустук милициянын башчысы Уланбек Аалиев дайындалган.

Ысык-Көлдө буга чейин Индияга дааватка барып келген эки адамдан да коронавирус табылып, коомчулук арасында «Таблиги жамаат» маселеси козголгон.

Количество просмотров: 1755