• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Нарындын шырдактары ажайып жерге төшөлдү

28 Кулжа 2018 13:28 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 28.06.2018.Govori.TV.
2018-жылдын 28-30-июнунда Нарын облусунун Нарын шаарында өткөрүлүүчү эл аралык   «Кыргыз  шырдагы- VIII» фестивалынын ачылыш аземи  болду. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пресс-катчысы Дүйшөк кызы Айнура билдирди.
«Кыргыз  шырдагы» фестивалы элдик көркөм жана улуттук кол өнөрчүлүктүн салттарын жандандыруу, облустар аралык маданий-экономикалык байланыштарын бекемдөө, фестивалдын натыйжаларын жогорулатуу жана улантуу менен  үчүнчү Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна алгач даярдык көрүү, Региондорду өнүктүрүү жылына карата улуттук кол өнөрчүлөр тарабынан өндүрүлгөн продукцияларды жарнамалоо максатында уюштурулууда.
Фестиваль Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана Кыргызстан кол өнөрчүлөр кеңешинин уюштурууда. Иш чаранын өткөрүлүшүнө Нарын шаардык мэриясы, Ага Хан фондунун, КР соода-өнөр жай палатасынын, ПРООН, Бишкек ишкерлик клубунун колдоо көрсөтүүдө.
Иш чарага өлкөнүн 7 облусунан 300дөн ашык кол өнөрчүлөр, көркөм өнөр буюмдарын өндүргөн жеке ишкерлер, сүрөтчүлөр, чакан ишкана, кооперативдердин, көркөм өнөрчүлүк устаттарын даярдоочу окуу жайлардын өкүлдөрү катышат.
Үч күндүк фестивалдын алкагында Нарын шаарынын «Ала-Тоо» стадионунда «Мыкты шырдак», «Илгерки шырдак» кароо-сынактары, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкелер, «Кол өнөрчүлөрдүн устат-шакирт» мастер-класстары, театрлаштырылган улуттук каада-салттар концерттик программа менен коштолот. 29-июнь күнү С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде «Шырдактын тарыхы» аттуу илимий конференция, К.Мамбеталиева ат. облустук тарыхый-этнографиялык музейинде «Кыргых мурасы: кол өнөрчүлүк. Оюулары жана орнаменттери» аталыштагы залдын ачылышы өтөт. Жыйынтыгында жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өткөрүлүп мыкты деп табылган шырдак музейге өткөрүлүп берилет.
Количество просмотров: 102