• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Нарынга жана Чаткалга ыктыярчы дарыгерлер тобу жөнөп кетишти

18 Бугу 2020 18:16 Бишкек Govori.TV

Нарын облусундагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу ыктыярчы дарыгерлерден турган 2 топ кесиптештерине жардам берүү үчүн жөнөп кетишти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, дарыгерлер тобунда анестезиолог-реаниматологдор, акушер-гинеколог, эпидемиолог, инфекционист бар.

«Аталган аймактарга кеткен дарыгерлер тийиштүү коргонуучу каражаттар менен камсыз болушкан. Алардын буга чейин иштеп жаткан жериндеги айлыгы сакталып, андан тышкары кошумча төлөм берилет. Чыгашалар министрлик тарабынан камсыздалат. Ушул күнгө дейре Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан жалпы ыктыярчы дарыгерлерден турган 12 топту аймактарга жөнөттү», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 64