• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Навальныйдын энеси баласынын сөөгүн берүүнү талап кылып Путинге кайрылды

20 Бирдин айы 202419:49 Бишкек Govori.TV

Орусиялык оппозиционер, бир нече күн мурун абакта каза болгон Алексей Навальныйдын энеси Людмила президент Владимир Путинге кайрылуу жаздырды. Навальный LIVE ютуб-каналы чыгарган видеодо ал баласынын сөөгүн берүүнү талап кылды:

“Беш күндөн бери аны көрө албай, сөөгүн бербей жатышат. Жадакалса кайда экенин айтышкан жок. Владимир Путин, мен сизге кайрылып, маселени чечүү сиздин колуңузда экенин айтам. Алексейди адамча көмүү үчүн сөөгүн кечиктирбестен берүүнү талап кылам”.

Алдынкы күнү саясатчынын энесин Салехард шаарынын моргуна киргизбей коюшканы маалымдалган. Болжолу менен маркумдун сөөгү ошол жерде.

Оппозиционердин энеси Путиндин атына арыз жазды.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 110