• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

“Навруз кубогу-2022”: Кыргызстандык футболчулар Тажикстанга жеңилип калды

29 Жалган куран 202219:10 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Өзбекстандын Наманган шаарында өтүп жаткан “Навруз кубогу-2022” эл аралык турниринде 3-орун үчүн оюнда Тажикстанга 1-0 эсебинде утулуп калды.

Оюндун жүрүшүндө Кыргызстандын курама командасынын эки, Тажикстандын эки оюнчусу кызыл карта алып, оюндан четтетилди.

Турнирге төрт улуттук команда катышкан. Кыргызстан 25-мартта Өзбекстан менен ойноп, 3-1 эсебинде утулган.

Финалдык оюн бүгүн, 29-мартта болуп, анда Өзбекстан менен Уганда ойнойт.

Количество просмотров: 307