• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Назарбаевдин дагы бир күйөө баласы кызматтан кетти

17 Үчтүн айы 2022 10:01 Бишкек Govori.TV

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы, белгилүү ишкер Тимур Кулибаев «Ата мекен» ишкерлердин улуттук палатасынын төрагалыгынан кетти. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Кулибаев кайрылуу жасап, өз ыктыяры менен кызматын тапшырууну чечкенин айткан.

Белгилей кетсек, Кулибаев Назарбаевдин ортончу кызы Динаранын жолдошу. Ал «Ата мекен» ишкерлердин улуттук палатасын 2010-жылдан бери жетектеп келген.

Буга чейин Нурсултан Назарбаевдин жогорку кызматтарды ээлеген эки күйөө баласы кызматтан кеткен эле.

Количество просмотров: 240