• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Назарбаевдин иниси мамлекетке канча каражат кайтарганы айтылды

10 Үчтүн айы 202416:55 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Коррупцияга каршы кызматы мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин иниси Кайрат Сатыбалды жалпысынан мамлекетке 650 миллиард теңге кайтарып бергенин билдирди.

«Анын камакка алынган бардык активи мамлекетке кайтарылды. Бүгүнкү күндө бул сумма 850 миллиард теңгеден ашат», — деди Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын расмий өкүлү Арман Тлеукенов.

Көп өтпөй ал ката кетиргенин, Сатыбалды мамлекетке 650 миллиард теңгени кайтарып бергенин белгиледи.

Маалыматка ылайык, Кайрат Сатыбалдыга карата “кылмыштуу жол менен тапкан акчаны жана мүлктү мыйзамдаштыруу” беренеси менен козголгон кылмыш ишин тергөө аяктап, сотко өткөрүлдү.

Сатыбалдыга каршы салык төлөөдөн качуу боюнча дагы бир кылмыш иши козголгон.

Ал эми былтыр ал «Алдамчылык же ишенимге кирүү менен мүлккө зыян келтирүү” жана “Ишенип берилген мүлктү уурдоо же өзүнө ыйгарып алуу” беренелери боюнча айыпталып, алты жылга кесилген. Ошондой эле ага он жыл мамлекеттик кызматка барууга тыюу салынды. Буга чейин прокурорлор Сатыбалдыдан «Күрмет» жана «Парасат» ордендерин да алып салууну өтүнгөн.

19-декабрда сот Сатыбалдынын абактан мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу арызын канааттандырган эмес.

Кайрат Сатыбалды Нурсултан Назарбаевдин бир тууганы, маркум Сатыбалды Назарбаевдин уулу. Ал Борбор калаанын акиминин орун басары болгон, улуттук «Казахойл» жана «Казахстан темир жолы» компанияларын жетектеген.

2010-2015-жылы мурдагы президент Нурсултан Назарбаев жетектеген «Нур Отан» партиясынын борбордук аппаратында жүргөн. Forbes Kazakhstan басылмасынын версиясы боюнча Кайрат Сатыбалды өлкөдөгү эң таасирдүү бизнесмендердин тизмесине кирген. Кайрат Сатыбалды 2022-жылы жазында кармалган, ошондон бери камакта.

Количество просмотров: 143