• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Назарбаевдин отставкасынан соң Казакстанда долларды массалык түрдө сатып алуу башталды

20 Жалган куран 201910:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.03.2019.Govori.TV.

Казакстанда Нурсултан Назарбаев отставкага кеткенден тартып жарандар долларды массалык түрдө сатып алуу башталды. Бул тууралуу «Коммерсант» жазып чаккан.

Маалыматка ылайык, акча алмаштыруу жайларында доллардын баасы кескин көтөрүлүп, а түгүл айрым акча аймаштыруучу жайларда АКШ акча бирдиги түгөнүп калган.

Азыр 1 АКШ долларынын наркы 385 теңге болуп жатканы белгилүү.

Ал эми Казакстан Улуттук банкы жарандарга эч кандай маселе болбой турганын жана баары көзөмөлдө болуп жатканын айтышкан.

Количество просмотров: 21