• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Назарбаевдин сүрөтү Алматы метросунун дубалынан алынды

22 Үчтүн айы 2024 9:04 Бишкек Govori.TV

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин фотопортрети Алматы метросундагы «Алмалы» станциясынын дубалынан алынды. Бул тууралуу казак басылмалары кабарлашты.

Сүрөт ал жерде метро ачылган 2011-жылдын декабрынан бери илинип турган.

Алматы метросунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, сүрөт айнеги менен рамкасы сынганына байланыштуу алынган. Анын өз оруда кайтарылар-кайтарылбасы азырынча белгисиз.

Январдын башында Нурсултан Назарбаевдин Астанадагы Улуттук коргонуу унверситетинин аймагындагы эстелиги алынган. Эстелик Назарбаевдин 80 жылдыгына карата 2020-жылы орнотулган. Былтыр декабрда Казакстандын Тунгуч президенти-Елбасы атындагы Улуттук коргонуу университетинин аталышы жөн гана Казакстандын Улуттук коргонуу университети деп өзгөртүлгөн. Коргоо министрлиги билдиргендей, эстелик Казакстан Куралдуу күчтөрүнүн мамлекеттик аскердик-тарыхый музейине жайгаштырылат.

2022-жылы күзүндө Казакстанда Туңгуч президенттин күнү мамлекеттик майрамдардын тизмесинен чыгарылып, баш калаанын аталышы Нур-Султандан Астана болуп өзгөртүлгөн. 2023-жылдын башында Казакстандын Конституциялык соту «Биринчи президент-Елбасы» тууралуу мыйзам күчүн жоготкондугун билдирген. Баш мыйзамдан Назарбаевдин макамы жана ролу тууралуу бардык сүйлөмдөр алынган. Ошол эле жылы президент Касым-Жомарт Токаев бул мыйзамды жокко чыгаруу жөнүндө буйрукка кол койгон.

Мындан тышкары Нурсултан Назарбаевдин «ардактуу сенатор» макамы да алынып, канцеляриясы жабылган.

Количество просмотров: 46