Govori TV турмуштук көрүнүштөрдү туура чагылдырууга зор аракет жасап жатат. Бул туурасында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев “Govori.TV” мультимедиалык агенттигинин туулган күнү менен куттуктап жатып айтты.
Эки жылдан бери жигердүү иштеп, болушунча чынчылдыкка, турмуштук көрүнүштөрдү туура чагылдырууга зор аракет жасап жатасыздар. Ошондуктан көрөрмандар менен угармандардын мейкини өсүп жатат. Акыйкатчыл маалыматтарды берип жүрөсүздөр жана мындан ары да өнүктүрө бересиздер деген үмүтүм да, тилегим да зор, — деди Назаркул Ишекеев.
“Govori.TV” мультимедиалык агенттигинин түзүлгөнүнө эки жыл болду.