Бишкек.15.07.2019.Govori.TV.
Теле алып баруучу Назира Айтбекова тууралуу анын мурдагы кайыненеси Роза Кенжешова социалдык тармактагы өздүк баракчасына “Аял боло албадың, келин боло албадың, ажыраштың, сый жүрөлү десе кайра уулумду каралаган интервьюңду койбодуң”,-деген билдирүүсүн жазган. Ал эми бул боюнча Назира Айтбековага байланышканыбызда ал комментарий берүүдөн баш тартып, улуу киши менен кайым айтышпай турганын билдирди.
Эске салсак, белгилүү теле алып баруучу мындан 2 жыл мурда жолдошу Искендер Шаршеев менен эки ажырым жолго түшкөнүн ачыктаган. Ортодо бир уулу бар.