• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Назира Айтбекованын кайыненеси «Абийириңди» чыгарам дейт

15 Теке 20199:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 15.07.2019. Govori.TV

Аял боло албадын, келин боло албадың, ажыраштың, сый жүрөлү десе кайра уулумду каралаган интервьюңду койбодуң. Анда ачык бир коом астында сүйлөшүп алалы. Мындай посту социалдык түйүндөгү жеке баракчасына алып баруучу Назира Айтбекованын кайыненеси Роза Кенжешова жазып чыкты.

-Атын чыкпаса жер өрттө дегенсип, бул айбан Назира Айтбекова кайра кайра биздин үй-бүлөнү массалык маалымат каражаттарында тынчтык бербей кууратмай болду. Үч жылдан бери унчукпай койсок башка чыгып кетмей адатын койбоду. Уулум менен ажырашканда бири бирин сый менен, доо тийгизбей жүрөлу деген келишими болду эле, анын аркасы менен мен да унчукпай турдум эле, бирок чыдамым калбай баратат. Үч жыл болду ажырашкандарына , төрт жыл болду чогуу жашабагандарына. Анын себебин коомчулук билбейт, биздин үй-бүлө унчуккан жок, Назира Айтбекованын суранычы менен. Ушул кыз мага келин эмес өз кызымдай эле, үйгө кызмат жасабай эркелеп жүрдү, уулума түзүк аял болуп бербеди. Чет элге белгисиз бирөөлөр менен көп саякатка чыкканын, байдын токолу болом кыялданганын, Дубай, Стамбулдарга каттаганын, жалаң эркек досторум бар деп, түнкү кечки сааттарга чейин үйгө келбей сайрандаганын, күйөөсүнүн сөзүн укпай, жеке жашоосун коомдун оюнчугуна айлантканын, көз ачыктар менен аралашып, тооктун каны менен жуунганын, акырында уулумдун чыдамынын чегине жеткенден кийин, катуу тарбия сөзүн кабыл албай үйдөн чыгып кеткенин, уулума бычак сайганын эл билбесе керек. Уулум баланы мага калтыр мен багып чонойтом десе, калтырбай алып кетти, эмнеге? Интервью макаласын окусам, неберемди атасынын жүрөгүн оорутуу үчүн курал катары пайдаланып турууга көрүнөт. Жазган макаласында, интервьюсунда уулум, Назира жыланайлак келгенинде машине, жер алып бергенин айтпайт экен. Акча депозиттерин ажырашканда бүт бергени жөнүндө бир да сүйлөм жок. Менин уулум баласына, жеке кымбат мектебинин төлөмдөрүн калтырбай төлөгөну жөнүндө, чиркин, бир ооз айтып да койбойт. Башка бирөөлөргө окшоп менин уулум баласына өз жоопкерчилигинен качпаганын айтып да койбойт. Интервьюсун уксан аныкы ак түс, менин уулумдуку кара түс. Аяп жүрдүм эле, эми унчукпайм. Эми абийиринди чыгарам. Элге бир отоло интервью бербейсинби, Назира, Түркияга баланы алып кетем деп загранпаспорт жасаганын, уулунду көрбөйсүң дегендеринди? Телефонуна уулум кат жөнөткөн маалда, катты окутпай койгондорунду? Аял боло албадын, келин боло албадың, ажыраштың, сый жүрөлу десе кайра уулумду каралаган интервьюнду койбодун. Анда ачык бир коом астында сүйлөшүп алалы, Назира Айтбекова.

https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=346196279410979&id=100020618282289
Количество просмотров: 31