• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Назира Зарлыкова: Максатым Кыргызстандын келечегине салым кошкон жаштарды тарбиялоо

24 Теке 2020 12:56 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттигинин медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында өткөн он-лайн тренингдин катышуучусу Назира Зарлыкова Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн билимдүү жаштарды тарбиялоо керек деп эсептейт.

Назира Зарлыкова кесиби боюнча мугалим, Төлөк айылдык кеңешинин депутаты болуп элге кызмат кылат.

«23 жылдан бери мугалим болуп, акыркы 4 жылда окуу бөлүмүнүн башчысы болуп кызмат өтөдүм. Айылдын коомдук ишине активдүү катышууга аракет кылам. Менин негизги максатым Кыргызстандын жаркын келечегине салым кошкон жаштарды тарбиялоо», — деди ал.

Эске салсак, 18-19-июль күндөрү “GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында он-лайн тренинг өткөрөт. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарындан 22 адам катталды.

Катышуучулардын арасында айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер, жеке ишкер жана Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары бар.

Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын калыптандыруу болуп саналат.

Он-лайн тренингде маалыматты жайылтуу үчүн социалдык тармакты колдонуу, маалымат берүү техникасы, оратордук чеберчилик, журналисттер менен өз ара иштешүүнүн өзгөчөлүктөрү жѳнүндѳ маалымат берилген.

Количество просмотров: 94