• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Өндүрүш Токтонасыровдун соту жылды

18 Бештин айы 2023 17:46 Бишкек Govori.TV

Жарандык активист, укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровдун Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 18-декабрга белгилеген соту болбой калды. Жактоочунун айтымында, сот мамлекеттик айыптоочунун ден соолугуна байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылган.

Өндүрүш Токтонасыровго «Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси менен козголгон кылмыш иши Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда сентябрдан бери каралууда. 2-ноябрдагы сот жараянында укук коргоочунун соцтармактардагы жазгандарына экспертиза жүргүзгөн лингвист көрсөтмө берип, активисттин жазгандары «кастыкты козуткан» деген тыянак чыккан.

Ага карата кылмыш иши ушул жылдын 30-мартында козголгон. Бирок ал бул тууралуу үч айдан кийин, 30-июнда билген. Ошол күнү аны милиция кармап кетип, Тергөө башкармалыгынын имаратында бир нече саат сурак берип чыккан. Кийинчерээк суракка күбө катары чакырылганы, Фейсбукка жазгандары боюнча лингвистикалык экспертиза дайындалганы маалым болгон.

Количество просмотров: 96