• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

«Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө» мыйзамга кол коюлду

18 Баш оона 2023 9:19 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамда мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле юридикалык же жеке жактар, анын ичинде жеке ишкерлер калдыктарды ээликтен ажыратуу жөнүндө бүтүмдүн же калдыктарды менчикке башкача жол менен айландырууну күбөлөндүргөн башка аракеттерди жасоонун негизинде калдыктарды сатып алуу жана аларга менчик укугунан баш тартуу; калдыктарды чыгаруучуларга же болбосо алар тарабынан ыйгарым укук берилген юридикалык жактарга же калдыктар менен иш жүргүзгөн жеке ишкерлерге карата калдыктарды түрлөрү боюнча бөлүүнү камсыз кылуу боюнча талаптар; калдыктарды кайра иштетүү боюнча объекттерди Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети белгилеген тартипте калдыктарды кайра иштетүү боюнча объекттердин реестринде каттоо каралган.

Ошондой эле, кабыл алынган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды өндүргөн юридикалык жана жеке жактар, жеке ишкерлер тарабынан кайра иштетүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан белгиленген ченемдердин аткарылышын камсыз кылуу, ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды импорттоо же Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден товарларды алып келүү; Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан мүмкүн болуучу социалдык-экономикалык кесепеттерди, ошондой эле мындай товарлардын керектөөчүлүк касиеттерин жоготуу менен байланышкан айлана-чөйрөгө терс таасирдин деңгээлин жана көлөмүн эске алуу менен керектөө касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетилүүчү товарлардын тизмесин, товарлардын таңгагын белгилөө; товарларды пайдалануудан калдыктарды өз алдынча кайра иштетүү жолу менен же товарларды пайдалануудан калдыктарды кайра иштетүү боюнча иш жүргүзгөн юридикалык же жеке жактар, жеке ишкерлер менен келишимдерди түзүү жолу менен товарларды өндүрүүчүнүн өзү, товарларды импорттоочу тарабынан түздөн-түз ишке ашырууда кайра иштетүү ченемдеринин аткарылышын камсыз кылуу; кайра иштетүү ченемдеринин аткарылышын камсыз кылуу максатында юридикалык же жеке жактар, жеке ишкерлер тарабынан бирикмелерди (ассоциацияларды) түзүү мүмкүнчүлүгү аныкталган.

Мындан тышкары утилдештирүү жыйымынын каражаттарын төлөө жана чыгымдоо тартиби; Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан пайдалануудан чыккан калдыктары кайра иштетилүүгө тийиш болгон товарлардын ар бир тобу, товарлардын таңгактоо тобу боюнча утилдештирүү жыйымынын ставкасын белгилөө; оператор тарабынан товарларды пайдалануудан калдыктарды кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу юридикалык же жеке жактар, жеке ишкерлер менен келишим түзүү жолу менен товарларды пайдалануудан калдыктарды кайра иштетүүнүн ченемдерин аткарууга түшкөн утилизациялык жыйымдын көлөмүндө каражаттарды утилдештирүү боюнча жиберүү; калдыктарды топтоо, кайра иштетүү жана кайра иштетүү объекттерин куруу, реконструкциялоо; калдыктарды өз-өзүнчө чогултуу системасын түзүү аныкталган.

Ошону менен бирге калдыктардын көлөмүн, коркунучтуулук классын жана жайгаштыруу нормативдерин эске алуу менен калдыктарды жайгаштырууда айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизгендиги үчүн республикалык бюджетке багытталган акысын алуу, аларды пайдалануу калдыктар менен иштөө жаатындагы жаратылышты коргоо иш-чараларына каралган.

Количество просмотров: 86