«Не сахар» долбоорунун алып баруучусу Умар Дадановго кол көтөрүү болду. Бул тууралуу Govori.TVга Даданов өзү билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 22-январь күнү болгон.
«Чүй облусуна караштуу Москва районундагы нан жасоочу цехтердин бирине барганбыз. Өзүн цехтин кожоюнумун деп тааныштырган адам биздин тартуубузга каршы болуп, кол көтөрдү»,-деди Даданов.
Экинчи тарап бул боюнча үн ката элек.
Бул боюнча Чүй ОИИБге байланышканыбызда маалымат электрондук журналга катталганын жана кошумча маалымат бериле турганын билдиришти.
Кошумчалай кетсек, «Не сахар» долбоору тамак-аш, ар кандай товарлардын талапка жооп берүүсүн текшерет. Тез тамактануучу жайларда түзүлгөн шарттар тууралуу видеолор коомчулукта талкуу жаратып келет.