• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026
A man carrying a sack of flour wades through flood waters after the Bagmati River overflowed following heavy monsoon rains in Kathmandu on September 28, 2024. Floods and landslides caused by heavy downpours in Nepal killed at least 10 people across the Himalayan country, with rescue teams searching for 18 missing, a disaster official said on September 28. (Photo by PRAKASH MATHEMA / AFP)

Непалда сел кырсыгынан улам 100дөн ашык адам мерт болду

30 Аяк оона 202410:02 Бишкек Govori.TV

Непалда сел кырсыгында жүздөн ашык адам мерт болду жана дагы 60тан көп кишинин дайыны чыкпай жатат.

Өткөн жума күндөн бери тынбай нөшөрлөп жааган жаандан улам суу ташыган.

Болжол менен үч миңден ашык тургун коопсуз жайга көчүрүлдү. Селден улам жер көчкү коркунучу көбөйдү.

Ташкын каналдарды, канализацияларды жууп кетти, электр энергиясы менен камсыздоо үзгүлтүккө учурады.

Непалдын борбор шаары Катманду баштаган бир катар аймактарда мектептердеги окуу убактылуу токтотулду. Жергиликтүү бийлик караңгыда машина менен жүрүүгө тыюу салды.

Синоптиктер жаан бери дегенде шейшембиге чейин токтобошу мүмкүн экенин эскертип жатат. Куткаруу иштерине миңдеген полиция кызматкери, ыктыярчылар дагы тартылды,

Непалда муссон маалында жылда сел жана жер көчкү жүрөт. Бирок соңку кездери кырсыктын кесепети өсүп баратат. Окумуштуулар муну климаттын өзгөрүшү, Дүйнөлүк океан ылдам бууланып, абанын тез нымдашканы, анын негизинде жаан-чачын көбөйгөнү менен байланыштырып келет.

Теги:
Количество просмотров: 116