• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

New TV каналы Алмаз Шаадаев боюнча пикирин билдирди

28 Кулжа 201819:45 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 28.06.2018. Govori.TV
«Эфирге келбесе бизге эртерээк чалып айтып койсо биз башка эфир чыгара беребиз да. Алмаз бизге айтпай да койгон. Бул бир жолу эле эмес бир нече жолу кайталанган. Андан сон эфирге чыкпай, клиптери кетпей турганын өзүнө айтканыбызда ал ачууланып ушундай билдирүүлөрдү жибериптир кабарчыбызга. Учурда социалдык тармактарда журналист кыздын сүйлөгөнүн өчүрүп салдыңар деп жазып жатышат. Ал жерде эч нерсе өчкөн эмес, кабарчы анын жаман сөздөрүнө жооп жазган эмес. Ал аз убакыттын ичинде эле ушул сөздүн баарын айтканга жетишти. Дагы жакшырак сөздөрү гана чыкты андан жаман айткан сөздөрдү айткан экен… Фактылар бизде бар» -деп каналдын продюссери билдирди.
Эске сала кетсек, интернетке ырчы Алмаз Шаадаев New TV каналынын журналистине жаман сөздөрдү айтканы туурасында видео жарыяланып коомчулукта  талкууга алынууда. Соцтармактын колдонуучулары маданияттын кызматкери наамын алган Алмаз Шаадаевдин сөзүн туура эмес деген пикирлерин жазышууда.
Количество просмотров: 2535