• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Next TV каналынын директорунун бөгөт чарасы каралып жатат

28 Чын куран 2022 11:59 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Next TV каналынын директору Таалай Дүйшембиевдин бөгөт чарасы каралып жатат.

Сот процессти видеого тартууга уруксат берилген жок.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Таалай Дүйшембиевди 3-мартта камаган. Ушул эле күнү телеканалга “улуттар аралык кастыкты козутту” деген берене менен кылмыш иши козголуп, телеканалдын кеңсесине мөөр басылган.

Атайын кызмат каналдын социалдык желедеги баракчаларында Казакстандын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, «Украинадагы кырдаалда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген жалган кабарды тараткан деп жүйө келтирүүдө.

Количество просмотров: 87