• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Рыспек Сарпашев үй камагына чыгарылды

27 Жалган куран 2023 17:09 Бишкек Govori.TV

УКМК тарабынан кармалган «Тазалык» муниципалдык ишканасынын экс-директору Рыспек Сарпашевди үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кзматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, соттун 24-марттагы чечими менен Сарпашев 9-апрелге чейин үй камагында болот.

Эске салсак, УКМК тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын экс-директору С.Р.А. карата ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана ошондй эле кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Такталгандай, кармалган С.Р.А. 2017-2018-жылдары «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору болуп турган кезде өзүнүн жеке пайдасы үчүн, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу менен, ишкананын айрым кызматкерлери менен алдын ала кылмыштуу бүтүмгө келип, иштебеген жана жетишсиз болгон атайын автотетиктерди (таштанды ташуучу унаалар, самосвалдар, жүк ташуучу унаалар) жана куйуучу-майлоочу материалдарды негизсиз эсептен чыгарып салган. Чындыгында унааларга бөлүнгөн тетиктер жана күйүүчү-майлоочу майлар сатылып, түшкөн каражаттар өздөрүнө бөлүнгөн.

Аталган кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматы тарабынан соттук-бухгалтердик экспертиза дайындалып, корутундусуна ылайык, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу «Тазалык» МИнин бюджетине 5 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирилген.

Количество просмотров: 69