• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жээнбеков: Соттор бийликтин буйрутмасын аткарып жатышат

17 Чын куран 202318:03 Бишкек Govori.TV

Соттор бийликтин буйрутмасын аткарып жатышат. Мындай пикирин бүгүн, 17-апрелде саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди.

«Соттордун баары көз каранды. Биз түрмөдөн коркпойбуз»,-деди Жээнбеков.

Белгилей кетсек, азыркы тапта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда саясатчы Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров, Атай Бейшенбектердин баш коргоо чарасы каралып жатат.

Эске салсак, 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, камалышкан.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.

Количество просмотров: 113