• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Аскат Жетигендин баш коргоо чарасы каралат

18 Жалган куран 2024 12:29 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ырчы, активист Аскат Жетигенди баш коргоо чарасы каралат.

Учурда ал сотко жеткирилди. Аскат Жетиген журналисттерге кыскача комментарий берип, козголгон кылмыш иши боюнча төмөндөгүлөргө токтолду.

«Кылмыш деп эсептебейм. Анткени буга чейин сылык — сыпаа айтканга аракет кылып келгем. Айтылган ачуу сөздөрдүн баары айла кеткендеги иш»,-деди Аскат Жетиген.

Эске салсак, Аскат Жетиген 16-мартта кармалып, 48 саатка камакка алынган.

Ал “бийликти басып алууга чакырык жасаган” деп шек саналып жатат.

Количество просмотров: 85