• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Next TV телеканалынын журналисттери сурак берүүдө

7 Жалган куран 2022 12:52 Бишкек Govori.TV

Next TV телеканалынын журналисттери Улуттук коопсуздук комитетинде сурак берип жатат. Каналдын дагы эки кызматкери түштөн кийинкиге чакыртылды. Бул тууралуу аталган телеканалдын кызматкерлери кабарлады.

Кылмыш ишинин козголуусуна каналдын социалдык тармактагы баракчаларында Казакстандын коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, «Украинадагы кырдаалда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген маалымат себеп болгон.

5-мартта Биринчи май райондук сотунун чечими менен Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшембиев эки айга камалган.

Количество просмотров: 99