• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Next TVнын директоруна дагы бир айып тагылды

29 Кулжа 202213:52 Бишкек Govori.TV

УКМК бүгүн, 29-июнда Next TV телеканалынын ишинин алкагында директору Таалайбек Дүйшөмбиевге “улут аралык кастыкты козутуу” боюнча дагы бир айып такканын анын адвокаты Тимур Султанов билдирди.

Султановдун айтымында, айып быйыл 3-мартта телеканалдын “Инстаграмдагы” баракчасына маалымат жарыялоо фактысына байланыштуу тагылды.

“Тергөө органдары психологиялык-лингвистикалык экспертиза жүргүзүштү. Жыйынтыгында алар бүгүн экинчи эпизод — дагы бир маалымат боюнча айып тагышты. Таалайбек Дүйшөмбиев жана жактоочу тарап буга макул эмесиз. Муну абсурд жана мыйзамсыз деп эсептейбиз”, — деди адвокат.

УКМК бул тууралуу азырынча расмий комментарий бере элек.

Теги:
Количество просмотров: 101