• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

«Next TVнын» жетекчиси Таалай Дүйшембиев абактан бошотулду

21 Аяк оона 2022 12:06 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-сентябрда «Next TVнын» жетекчиси Таалай Дүйшембиевдин ишин кароочу соттук отурум өттү. Соттук кароо Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтүп, сот өкүм чыгарды.

Биринчи май сотунун чечими менен Таалай Дүйшембиев сот залынан абактан бошотулду. Сот Next TV телеканалынын директорун күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробациялык жаза мөөнөтүн чегерген чечим чыгарды.

Белгилей кетсек, 5-сентябрдагы соттук жараянда мамлекеттик айыптоочу аны жети жылга эркинен ажыратууну сураган.

Дүйшембиев сот отурумунда акыркы сөзүн сүйлөп жатып, айыптоочу тарап анын күнөөсүн далилдей албаганын айткан.

«Сот көз карандысыз эксперттердин пикирин эске алып, туура баалайт деп ишенем. Айыптоочу тарап басылманы жарыялаган адамдарды далилдей албай, аныктабай койгонун сот да эске алат деп ишенем. Прокурор менин күнөөмдү далилдеген жок», — деген Таалай Дүйшембиев.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук комитети март айында аталган телеканалга каршы «улут аралык кастыкты козуткан» деген айып менен иш козгоп, директорун камакка алган.

Количество просмотров: 207