Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөмбиевдин бөгөт чарасы караган соттук отурум уланат. Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал 3-августка чейин камакта калтырылган.
Атайын кызмат быйыл 3-мартта Next TV телеканалына каршы «улут аралык кастыкты козутуу» деген айып менен иш козгоп, директорун камакка алган, телеканалдын эфири үзгүлтүккө учураган. Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөмбиев камакка алынган.