• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бүгүн «Next TVнын» жетекчисине өкүм чыгары күтүлүүдө

9 Аяк оона 20229:54 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Next TVнын» жетекчиси Таалай Дүйшембиевдин ишин кароону улантат. Соттук териштирүүдө Дүйшембиевге сөз берилип, өкүм чыгары күтүлүүдө.

5-сентябрдагы соттук жараянда мамлекеттик айыптоочу аны жети жылга эркинен ажыратууну сураган. Анда тараптардын жарыш сөзү болуп, кийинки отурум 9-сентябрга белгиленген.

Улуттук коопсуздук комитети март айында аталган телеканалга каршы «улут аралык кастыкты козуткан» деген айып менен иш козгоп, директорун камакка алган.

Количество просмотров: 224