• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Next TVнын кызматкери Адилет Али Мыктыбек эмне үчүн кармалганы тууралуу белгилүү болду

12 Чын куран 2022 9:14 Бишкек Govori.TV

Next TV телеканалынын штаттан тышкаркы кызматкери кармалды. Бул тууралуу аталган каналдын продюсери Өмүрбек Сатаев Фейсбук баракчасына жазды.

Каналдын ээси, саясатчы Равшан Жээнбеков Азаттыкка берген маалыматы боюнча кармалган Next TV телеканалынын кызматкери Адилет Али Мыктыбек видео тартып иштеп жатканына 2-3 ай болуп калган.

Ал 11-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук милициясы тарабынан кармалып, сурак берип жатат. Адилет Али Мыктыбек өзү “массалык башаламандыкка чакыруу” боюнча айып коюлганын жана милицияда материалдар менен таанышып жатканын билдирди.

Биринчи май райондук милициясынын басма сөз кызматы дагы эле бул маалымат тууралуу эч нерсе тарката элек.

Количество просмотров: 91