Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Максатбек Сазыкулов камактан бошотулду. Маалыматты Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.
Мындай чечим 30-майда кабыл алынып, Сазыкулов эч жака кетпөө жөнүндө тил каты менен бошотулган.
Эске салсак, Сазыкулов үстүбүздөгү жылдын апрель айында камалган. Ал мыйзамсыз курулган коммерциялык объектилерди калкалаганы үчүн кармалганын УКМКдан билдиришкен.