• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Ысык-Көлдөгү кырсык: Скутердин айдоочусу камактан чыкты

27 Теке 2023 14:48 Бишкек Govori.TV

Чолпоп-Атадагы эки адам каза болгон кырсыктагы скутердин айдоочусу 2 айга ата-энесинин карамагына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын бөгөт коюу чарасы кечээ, 26-июлда тандалган.

«Ысык-Көл РИИБдин тергөөчүсү айдоочуну камакка алуу жөнүндө өтүнүч келтирген, сот анын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты. Мындай чечим айыпталуучунун жашы жете электиги, туруктуу жашаган жери, документтери бар экендиги, факты этиятсыздыктан жасалган кылмыштардын катарына кирери, ошондой эле жабырлануучу тарап ачык айыптоодон баш тартканын эске алуу менен кабыл алынды. Айдоочуну мыйзамдуу өкүлүнө (ата-энесине) 2 айга өткөрүлдү», — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, шектүү 23-июлда Чолпон-Атада эс алуучуларды “таблетка” баллонуна сүйрөп баратып “ теплоходго урунган. Кырсыктан 23 жаштагы улан менен 19 жаштагы кыз жаракат алып, 24-июлда ооруканада каза болгон. 21 жаштагы дагы бир кыз ооруканада дарыланууда.

Количество просмотров: 470