• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Ниязалиеванын добуштары жокко чыгарылса, кайра шайлоо өтөбү?

30 Бугу 2023 12:02 Бишкек Govori.TV

Ленин шайлоо округундагы шайлоодо көпчүлук жобуш алган талапкер Дамира Ниязалиеванын добуштары жокко чыгарылса, кайра шайлоо өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» мыйзамда жазылат.

Мыйзамдын 37-беренесинин 6-бөлүгүндө айтылгандай, эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн биринин добуштары жараксыз деп таанылса, БШК «шайлоонун жыйынтыгы анык эмес» деген бүтүм чыгарылып, кайра шайлоо дайындалат.

Ал эми БШК азырынча бул тууралуу маалымат бере элек.

Эске салсак, 28-майда №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын баштапкы маалыматтарына ылайык, добуш берүүгө 125 миңдей шайлоочунун 13,95% же, 17 423ү гана катышты. 29 талапкердин ичинен алдыга чыккан Ниязалиева 35%, же 6 242 добуш алган.

Кечээ, 29-майда түндө Дамира Ниязалиеванын шайлоо штабында тинтүү жүргүзгөндөн кийин эшигине мөөр басылган. Жактоочунун айтмында, тинтүү иши эки сааттан ашуун созулуп, кеңседен үч ноутбук жана 30 барак штабдын ишине байланыштуу документтерди алып кетишкен.

Милиция кызматкерлери интернетте тараган аудио жазмадан соң кылмыш иши козголуп, тинтүү ошонун негизинде жүрүп жатканын маалымдашты.

Саясатчы штабдын ачкычын таба албай жатканын айткандан кийин милиция анын жардамчысынын машинесин текшерген. Ачкыч табылбаган соң ИИМдин ыкчам аракеттенчү тобу келип, штабдын эшигин кескилеп ачкан.

Мунун алдында интернетте Ниязалиеванын добушуна окшош аялдын шайлоо штабынын кызматкери делген адам менен сүйлөшүүсү тараган. Алар кишилерди ташып келүү, акча берүү жана башка темаларды сүйлөшкөн. Ниязалиева ал видеодогу сөздөр чындыкка дал келбей турганын берген комментарийинде билдирип, аудиону «монтаж» деп сыпаттады.

Количество просмотров: 193