• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Ниязов Атамбаевди Искак Раззаковго теңеди

26 Жалган куран 201917:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.03.2019.Govori.TV.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү иш чарасында азыркы ЖК депутаттарына карата бир катар терс пикирлерди айткан.

Атамбаевдин сөзүнө жооп кылып ЖК төрагасы Дастан Джумабеков экс-президенттин бул аракетин өзүнүн тарапташтарын коргоо ыкмасы деп баалаган.

Ал эми бүгүн Бишкек шаарында «Бийликти узурпациялоо жана анын кесепеттери» аттуу жыйынга чогулгандар экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигин сынга алып, аны кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышкан.

Болуп өткөн окуялардан соң Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов төрага Джумабековго ачык кат жолдоп «Атамбаевдин дарегине 20-мартта бир катар айыптоолор айтылды, бирок өкүнүчтүүсү бул жолу сиздин оозуңуздан чыкты»,-деген.

СДПКнын катчылыгы аркылуу тараткан катында ал Дастан Жумабековдун айыптоолорун жалган деп баалап, Атамбаевдин президенттик башкаруусундагы жылдардагы жетишкендиктерди санап берди. Ниязов «Жумабеков ачык айтпаса да, Атамбаев менен иштешкенине сыймыктанат»,- деп эсептейт.

«Сизди угуп жатканда, айтып жаткан маалыматтыңызга өзүңүз ишенбей жаткандай элес калтырды. Мындай кадам айла жоктон эле болгону ачык болуп калды»,-деген ал.

Фарид Ниязов экс-президент учурда саясий басымга кабылып жатканын айтып. Ал мисал катары ушундай мамилеге туш болгон Искак Раззаковдун атын реабилитациялоого 30 жылдан ашык убакыт кеткенин белгиледи.

«Мен баарлашкан тарыхчылардын жана саясат таануучулардын пикиринде Алмазбек Атамбаев да Кыргызстанды курган жаратман лидерлердин катарында калат. Анын элдин биримдигин жана Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн негизин бекемдөөгө кошкон эмгеги эртеби-кечпи бааланат. Адистер, азыркы саясий элита деп аталган топтун өкүлдөрү каалайбы же каалабайбы, Атамбаевдин адилет ысымы акталат деп эсептешет. Президенттер жана парламенттер да чече албай турган нерселер бар, эл, убакыт жана тарых илими тактаган нерселер да бар»,-деп жазылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 12