Бишкек.29.03.2019.Govori.TV.
Маалымат каражаттарында Ф. Ниязовго кылмыш иши козголгондугу тууралуу маалымат талкууга түшкөн. Анда 20-мартта Максат Чегирткеев аттуу жаран Ниязовду кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу арыз менен кайрылганы айтылган. Бул тууралуу президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Ф. Ниязов үн катып ИИМ министри Кашкар Жунушалиевге ачык катын жолдогон.
Анда Ниязов өзүнө жеткен маалыматтарга таянып, анын үстүнөн даттанган Максат Чегирткеевди ИИМдин кызматкерлери өздөрү таап, арыз жазууну сунуштаганын билдирди. Ал “Чегирткеевдин маеги айрым сайттарга чыккандан көп узабай эле материал иликтөөгө алынып, анын укугун коргоого тергөөчүлөр дароо киришкени шек туудурганын, бул КСДПга карата куугунтуктун бир бөлүгү экенин” белгилейт.
“Бул “жогору” жактан берилген тапшырма экенине мен толук ишенем. Ошондуктан бул көрүнүштү саясий буюртма катары баалоого жана ИИМдин кызматкерлерине аны аткарууга мажбурлады деп эсептөөгө толук укугум бар”, — дейт Ниязов.
Президенттик аппараттын мурдагы башчысы андан ары козголгон иш жөнүндө баяндап, кезинде Саламаттык сактоо министрлиги Чегирткеевге Кытайда операция үчүн 4 млн. сом бөлүп бергенин, операциядан кийин ал айыгып келгенин билдирген. Калган сумманы жабырлануучу акчалай же Орусиянын Сочи шаарында дарылануу үчүн сураганын, комиссия ага Кыргызстанда дарыланууну сунуштап, каражатты бөлүүдөн карманганын ырастаган.
Мындан тышкары Ниязов «Чегирткеевге бөлүнгөн каражат ага эмес Саламаттык сактоо министрлигине (Чегирткеевдин даарылануусуна) бөлүнгөнүн түшүнүү керек»,-деп эсептейт.
Өзүнүн катында Ниязов арыз жазган жаран Чегирткеев Эмилбек Каптагаевдин өкүл-баласы экенин айтып, учурда Каптагаев Атамбаевге каршы маанайда жүргөнүн кошумчалады.
Буга чейин Башкы прокуратура Фарид Ниязовго карата жазылган арыздын негизинде ага карата иш ачылып, сотко чейинки өндүрүшкө алынганын кабарлаган. Анын артынан Ички иштер министрлиги да билдирүү таратып, ишти тергөөнү өзүнө алганын билдиришкен.