• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Ниязовдун жубайы жолдошу менен жолугуштурууну суранды

4 Аяк оона 2019 9:06 Бишкек Govori.TV

Фарид Ниязовдун жубайы жолдошу менен жолугуштурууну суранды.

Маалыматка ылайык, Президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси Ниязовдун жубайы ИИМ тергөөчүсүнө арыз жазды. Арыз азырынча карала элек.

Ал эми анын жактоочусу «Фарид Ниязов № 1 тергөө абагындагы 12 орундуу камерада кармалууда. Ал кармалуу шарттарына жана бирге отурган жарандарга нааразычылыгын билдирген жок», -деген эле.

Белгилүү болгондой, Фарид Ниязов 8-октябрга чейин камакта калат.

Фарид Ниязовго расмий түрдө массалык башаламандык уюштуруу жана кишилерди барымтага алуу боюнча айып тагылды.

Количество просмотров: 138