• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров Ниязовго ырайым берди

31 Бугу 202613:55 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовго ырайым берди. Бул тууралуу 31-майда АКИpress жазды.

Фарид Ниязов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы. Ал Кой-Таш окуясынан кийин 2019-жылдын 8-августунда кармалган.

2020-жылдын октябрь окуясында Ниязов башка саясатчылардай эле бошотулуп, бирок 9-октябрда кайрадан камакка алынган.

2025-жылдын 3-июнунда Биринчи Май райондук соту Ниязовду 7 жыл 8 айга эркинен ажыраткан.

Количество просмотров: 137