Бүгүн, 3-апрелде Бишкек ШИИБинин имаратынын алдында нааразычылык акциясы өтүп жатат. Чогулгандар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаевдин кызматтан кетишин талап кылууда.
Эске салсак, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаев 31-мартта түз эфирдеги маалымат жыйында Бишкек шаарында зордуктоого кабылгандан 5 айдан кийин өз жанын кыйган 13 жаштагы кыздын окуясы боюнча суроолорго жооп берген. Ал анда жашы жете элек кыздар бойго жеткен эркектер менен «ыктыярдуу түрдө» жыныстык катнашка барарын, мындан улам «кырсыктар» катталып жатканын айткан.
Ногойбаевдин бул билдирүүсү коомчулукта кызуу талкуу жаратып, анын дарегине сын-дооматтар айтылган.
Ал эми Ички иштер министрлиги Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаевдин жашы жете элек кыздар тууралуу билдирүүсү боюнча кызматтык териштирүү баштаганын билдирген.