Бүгүн, 23-мартта Ош облусунун Ноокат районундагы «Тимурлан — Алым» бала бакчасында «Коопсуз мектептер жана бала бакчалар» аттуу иш-чара өттү.
Бала бакчанын жетекчиси Айчүрөк Исмаилованын айтымында, окутуу ЮНИСЕФтин «Коопсуз мектептер жана бала бакчалар» долбоорунун алкагында уюштурулуп жатат.
«Тимурлан-Алым мектепке чейинки билим берүү мекемесинде 110 бала тарбияланат, 4 тайпа бар. Мектепке чейинки курактагы балдарды табигый кырсыктар учурундагы коопсуз жүрүм-турумга окутуп-үйрөтүү абдан маанилүү»,-деди ал.
Балдарга жаратылыш кырсыктары тууралуу атайы видео материалдар көрсөтүлүп, симуляциялык машыгуулар өттү.
Маалым болгондой, ыктыярчылар бул багытта окутуудан өтүшөт. Алардын бири — Айзада Чондуева төмөндөгүлөргө токтолду.
«ЮНИСЕФтин Кыргызстандын мектептериндеги коопсуздукту күчөтүү боюнча демилгени колдоо максатында 2019-жылдан бери ыктыярчы болуп иш алып барам. Республика аймагындагы окуучуларга табият кырсыктары маалында, өрт чыкканда же жер титирөө учурда өзүн кандай алып жүрүш керектигин үйрөтөбүз. Бизди атайы окутуудан өткөрүшөт. Дал ушул долбоордун алкагында түштүк региондо 300 ыктыярчы бар»,-деди Айзада Чондуева.
Белгилей кетсек, «Коопсуз мектептер жана бала бакчалар» долбоорунун максаты Кыргыз Республикасындагы балдардын жаратылыш кырсыктарына даяр туруусуна көмөк көрсөтүү болуп саналат.