• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ноокатта 10 жаштагы балага ок тийип, ооруканага түштү

10 Бугу 2023 18:38 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Ноокат районунда 10 жаштагы бала октон жараат алып, ооруканага түштү. Маалыматты Govori.TVга облустук милициядан тастыкташты.

Маалым болгондой, 2-майда Кызыл-Кыянын милициясына шаардык ооруканадан Ноокат районунун Он Эки-Бел айыл аймагынын 10 жаштагы Б.М. аттуу тургуну үйүндө жыгылып түшүп, жараат алып кайрылгандыгы тууралуу кабар түшкөн.

Аталган факт маалыматтык электрондук журналына катталып, аймактык караштуулугу боюнча Ноокат райондук милициясына жиберилген.

«Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө, 1-май күнү кечки саат 19:30 чамасында жабырлануучу көчөдө ойноп жүргөндө коңшусу — 42 жаштагы К.О. аттуу жаран пневматикалык ок атуучу тир куралы менен кокустан атып алганы аныкталган. Аталган жаран баланы Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына алып барган. чунун тайэнеси 46 жаштагы Д.Д., аттуу аталган окуя боюнча Ноокат РИИБге арыз менен кайрылган», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 61