• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ноокатта кызга келген жигитти 10 бала сабаган. УКМК бомба бар деген адамды камакка алды. Соңку жаңылыктар 09.04.18.

9 Чын куран 2018 14:48 Бишкек Govori.TV
Бишкек 09.04.18 Govori.TV 
Казакстан Актөбөдөгү кыргыз номурлуу автобустун каракталышын иликтөөдө
Казакстан Актөбөдөгү кыргыз номурлуу автобустун каракталышын иликтөөдө. Актөбө облустук ички иштер департаменти бул окуя боюнча тергөө амалдары башталганын билдирди.Мамлекеттик номуру B8451AI «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү кичи автобуска 6-апрелге караган түнү Актөбөдө белгисиз кишилер кол салып, аткылашкан. Окуя Акшат кыштагында болгон. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей аткылоодо автоунаа ичиндеги бир адам — теги тажик орус жараны жаракат алган, буюмдары тонолгон. Ал азыр ооруканада жатат.Кол салгандар кыргызстандык бир жарандын да акчасын, алтын сөйкө-шакектерин, документтерин алып кетишкен. Анын алдында кичи автобус бузулуп, айдоочу Актөбөгө тетик алып келүүгө кеткен. Кайра келип, укук коргоо органдарын жана «Тез жардам» чакырган.Актөбө облусу аркылуу өтө турган Шымкент — Самара багытындагы жол менен күн сайын жүз миңдеген автоунаа жана автобус Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандан Орусияга каттайт.
УКМК бомба бар деген адамды камакка алды 
Ататүрк сейил багына бомба коюлду деп телефон чалган 44 жаштагы адам камакка алынып, тергөө амалдары башталганын УКМКнын басма-сөз кызматы маалымдады.Эскерте кетсек кечээ 8-апрелде белгисиз адамдар милицияга телефон чалып, Бишкектин түштүк тарабында жайгашкан  Ата-Түрк паркында бомба коюлгандыгын  маалымдаган. Милиция дароо парктын аймагын курчоого алган. УКМК, ИИМ кызматкерлери, саперлер издөө жүргүзүп, эч кандай жарылуучу зат жок экендигин билдиришкен.
Ноокатта кызга келген жигитти 10 бала сабаган. 
Ноокатта кызга жолугууга келген жигитти 50дөй эмес, 10дой эле адам сабаган. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.»Сабалган бала ооруканага жаткан эмес, милицияга да арыз менен кайрылган эмес. Кийин ал видео тараган соң гана милиция кызматкерлери барып арызын алышты. Ал оор жаракаттарды алган эмес, көгөргөн, сыйрылган жерлери бар. Андан сырткары аны сабагандар 50дөй эмес, 10дой эле адам болгон. Учурда алардын алтоо кармалды, калгандарын кармоо иш-аракеттери жүрүп жатат«, — деп басма сөз кызматынан билдиришти.Буга чейин окурман Ноокатта 50дөй адам кыз-жигитти ур-токмокко алганын, биринин абалы оор экенин кабарлаган.

 

Количество просмотров: 26