• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

78 жаштагы Нарындык апа эмнеге дарыяга боюн таштаган? Активисттер Өзбек президентине кат жазышты. Соңку жаңылыктар 10.04.18

10 Чын куран 2018 17:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек 10.04.18 Govori.TV

Депутаттын кош жарандуулугу аныкталды 

Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандыгы бар экени тууралуу документтер келди. Бул тууралуу Govori.TV сайтына Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайратбек Осмоналиев билдирди.«Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугу бар деген документ келди. Ушул жуманын ичинде форум өткөрүлүп депутатты мандатынан ажыратуу боюнча маселе каралат. «Кыргызстан» партиясынын тизмесине ылайык Жогорку кеңешке Асылбек Дамирбек уулунун ордуна Руслан Чойбеков келээри мүмкүн», — деди Осмоналиев.Буга чейин 27-февралда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Казакстанга суроо-талап жөнөтүлгөнүн айткан. Эгер депутаттын кош жарандуулугу аныкталса, БШК аны мандатынан ажыратышы мүмкүн экени айтылган

Активисттер Өзбек президентине кат жазышты 

Жалал-Абаддын Аксы районунун тургунун Өзбекстандын чек арачысы атып салган окуяга байланыштуу жарандык активисттер өзбек президентине кат жазышты.Онго жакын активист 10-апрелде Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын алдында тынчтык митингине чогулуп, коңшу өлкөнүн аскеринин жоругуна укуктук баа берүүнү суранышты. Алар жазган катта чек арачынын мындай кадамы жаңыдан өлкөнүн эми оңолуп келаткан мамилесине доо кетирээрин эскертишти. Ушундай мазмунда өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин наамына жазылган катты алар консулдуктун кызматкерлерине тапшырышты.Кыргызстандын 34 жаштагы жараны Фархад Мырзакалыковго Мамай айылындагы кыргыз-өзбек чек арасында 7-апрелде ок атылган. Аксы районунун акими Масалбек Мырзамамытовдун «Азаттыкка» берген маалыматына караганда, окуя Кыргызстандын аймагында болгон

Нарында 78 жаштагы апа дарыяга боюн таштады 

Бүгүн 10-апрель күнү эртең мененки саат тогуздарда Нарын шаарынын борбордук бөлүгү тушунан Нарын дарыясына боюн таштаган 78 жаштагы кемпирди милиция кызматкерлери көрүп куткарып калган. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Медина Султаналиева билдирди.Маалыматка ылайык дарыяга боюн таштаган кемпир үй-бүлөлүк келишпестиктен улам ушундай кадамга барышы мүмкүн. Учурда кемпир куткарылып, облустук ооруканадан ден соолугу текшерилген соң үйүнө чыгарылган.Дарыяга боюн таштаган кары киши Нарын облусунда биринчи ирет катталды.

Количество просмотров: 28