• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ноокатта мурда соттолгон жаран алтын буюмдарды уурдоого шектелип кармалды

4 Баш оона 2020 12:26 Бишкек Govori.TV

Ноокатта алтын буюмдарды уурдоого шектелип мурда соттолгон жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 17-июлунда Ноокат РИИБге Ош шаарынын 29 жаштагы А кызы С., аттуу тургуну кайрылып, ошол эле күнү саат 14.30 чамасында Ноокат шаарында жайгашкан алтын буюмдарды алып-сатуучу дүкөнүнө белгисиз адамдар мыйзамсыз түрдө кирип, 150 миң сом акчасын жана алтын буюмдарын уурдап кетишкендигин кабарлаган.

Тиешелүү ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен шектүү катары Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын тургуну, мурда соттолгон 53 жаштагы М.А., кармалган.

Тинтүү жүргүзүү учурунда шектүү М.А., Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагында жайгашкан турак үйүнүн короосундагы жыйналып турган кыштардын арасынан 8 даана Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарандык паспорттору, 2 даана айдоочулук күбөлүк, 7 даана банктык карта, ал эми турак үйүнүн жер төлөсүнүн ичинде жерге көмүлгөн банкадан болжол менен 1 млн 500 миӊ сомдук алтын буюмдар табылып алынган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Количество просмотров: 107