• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Ноокатта опузалап акча талап кылган жаран кармалды

19 Жетинин айы 2021 17:53 Бишкек Govori.TV

Ноокат районунда опузалап акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү жабырлануучунун чет өлкөгө ири суммадагы товарларды жөнөтүп тургандыгынан кабардар болгон. 2021-жылдын 17-ноябрь күнү Ноокат районунун тургуну 32 жаштагы И. З., аттуу жаран Ноокат РИИБге арыз менен кайрылган. Анда ал бей тааныш болгон жаран коркутуу жолу менен 200 миң сом акча талап кылып жатканын билдирген.

Аталган факт Ноокат РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодекстин 203-беренесинин (Опузалап талап кылуу) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

«2021-жылдын 18-ноябрь күнү мурда бир нече жолу соттолгон Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну 39 жаштагы Д.А., аттуу жаран жеңил акча табуу максатында жеке ишкерден опузалап акча талап кылып жаткан жеринен кармалган. Кармоо учурунда жарандын жанынан 22 миң сом акча табылып, далил буюм катары алынган. Ал эми кылмышка шектүү Ноокат РИИБдин тергөө кызматы тарабынан убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда кылмышка шектүү жарандын башка кылмышка катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо максатында ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат

Количество просмотров: 1441