Ноокат районунун Бел айыл аймагында жашаган С.А. аттуу өспүрүм өз үйүнүн короосунда асынып алган. Бул тууралуу 22-февраль күнү жергиликтүү милицияга кабарланган.
Бул факты каттоого алынып , тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
«Текшерүүнүн жүрүшүндө маркумдун жансыз денесине соттук медициналык экспертизанын өткөрүүдөн ата-энеси жана жакын туугандары баш тартышкандыктан, сырттан кароо жүргүзүлүп, туугандарына өткөрүлүп берилген», — деп жазылат маалыматта.
Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланууда.