• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Ноокатта турак үйдөн өрт чыгып, 4 адам каза болду

27 Бештин айы 202110:14 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айылында турак үйдөн өрт чыгып, 4 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Алдын ала маалымат боюнча, Ноокат районунун Көк-Жар айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине өрттү өчүрүүгө саат 06:50дө КР ӨКМнин жалпы эки өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган, өрт саат 09:28де чектөөгө алынган.

Кырсыктын кесепетинен 2 аял 1980-жылы туулган Ж.Г., 1982-жылы туулган жана 2 жаш бала 2009-жылы туулган Ж.С., 2019-жылы туулган Х.М. каза болгон.

Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 131