• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ноокатта унаа дарыяга кулап, таята менен небере табылбай жатат

16 Аяк оона 2020 13:49 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Ноокат районунда 14-сентябрь күнү унаа дарыяга түшүп кетип, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, «Хендай Портер» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен. Унаада 3 адамдын ичинен бири аман калып (1974-жылы туулган), 2 адам (1956-жылы туулган киши жана 2016-жылы туулган бала) сууга түшүп кеткен. 15-сентябрь күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМден 17 куткаруучу тартылды. Бирок жыйынтык чыккан жок. Аларды издөө иштери бүгүн да улантылат.

Кырсыктан улам дарыяга кулаган таята менен небере табыла электигин Turmush басылмасы жазды. Суудан изделип жаткан Араван районунун 1954-жылы туулган тургуну М.Х.нын кудасы Рустамбек Султанов төмөндөгүлөрдү билдирген.

«Папан—Кичи-Алай жолунда кудам кырсыка кабылып, небереси экөө табылбай жатат. «Портер» менен жайлоодон мал алып келе жаткан экен. Кабинада небереси, уктоочу жеринде күйөө баласы уктап келе жаткан. Кырсык болгон учурда эшик ачылып кетип, күйөө баласы ыргып кеткен. Ал эми кудам небереси экөө 200 метрдей бийиктиктен сайга кулап, суунун ортосундагы ташка илинип калыптыр. Жол тар болгондуктан, оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу «Портерди» сүзүп, сайга кулагандан кийин жардам бербей качып кетиптир. Күйөө баласы сайдан эптеп жөрмөлөп жолго чыкса, бир жолоочу унаа ооруканага жеткириптир. «Ховонун» айдоочусу кармалыптыр деп угуп жатабыз. Кудам кызынын 5 жашар баласы менен табылбай жатат. Суу аябай шар агат. Мен өзүм барып дагы көрүп келдим. Аябай бийик жерден кулаган», — деп билдирген Султанов.

Ак-Терек-Папан-Кожокелен унаа жолунда унаа дарыяга түшүп кетип, 2 адам каза тапты

Ак-Терек-Папан-Кожокелен унаа жолунда унаа дарыяга түшүп кетип, 2 адам каза таптыОш облусунун Ноокат районунда 14-сентябрь күнү Ак-Терек-Папан-Кожокелен унаа жолунун 40-чакырымында (Күндү-Дөбө айылы) “Хюндай-Портер” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен. Унаада 3 адамдын ичинен бирөөсү аман калып (1974-жылы туулган), 2 жаран (1956-жылы туулган эркек киши жана 2016-жылы туулган жаш бала) сууга түшүп кеткен. 15-сентябрь күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМден 17 куткаруучу тартылды.16-сентябрь күнү издөө иштери улантылат.КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Опубликовано МЧС Кыргызстана Вторник, 15 сентября 2020 г.
Количество просмотров: 233