• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ноокатта жер титиреди

6 Теке 202111:20 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-өзбек чек арасында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 5-июль күнү саат 12:35те Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

«Жер титирөө Ош облусунун Ноокат районунун Найман айылында 2 баллга чейин сезилген»,-деп айтылат маалыматта.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 178