• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ноокенде адам өлтүрүүгө шектелип 5 киши кармалды (сүрөт)

31 Тогуздун айы 2022 12:02 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад ОИИБдин маалыматына ылайык, 2022-жылдын 26-октябрь күнү саат 15:00 чамасында Ноокен РИИБдин 102 телефон номерине 35-40 жаштар чамасындагы эркек кишинин киши колдуу болуп каза болгон жансыз денеси тууралуу милицияга кабар келип түшкөн.

«Жансыз дене Ноокен районунун Достук айыл аймагынын Кең-Сай айылына баруучу автоунаа жол менен Бишкек-Ош автоунаа жолунун 488-чакырымынын кесилишкен жеринен 100 метр алыстыкта жолдун четиндеги арыктын ичинде болгон.

Кароо жүргүзүү учурунда, табылган өлүктүн денесинде киши колдуу болгон жаракаттары бар, колдору жана буттары жип менен байланган абалда экендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча топтолгон материал Ноокен РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) менен кылмыш  иши  козголгон  жана соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.   

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында табылган өлүк — Өзбекстан Республикасынын Наманган областынын 38 жаштагы тургуну экендиги аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Жалал-Абад ОИИБдин жана Ноокен РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн кечиктирилгис түрдөгү ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү фактысына шектүү катары Шамалдысай шаарчасынын тургундары 1987-ж.т. Н.С., Т.Н., К.И., 1991-ж.т. К.А. жана Ноокен районунун тургуну 1993-ж.т. А.Н. тергөөгө камсыздалган. Ошондой эле бул кылмыш окуя кызганычтан улам келип чыккандыгы жана жабырлануучуга карата мыкаачылык мамиле жасалып денесине оор жараттарды келтиргендиги аныкталган.      

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Количество просмотров: 66