• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ноокенде жол кырсыгынан үч адам каза болду

18 Аяк оона 202417:30 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абаддын Ноокен районунда болгон жол кырсыгынан үч адам каза болду.

Жалал-Абад ОИИБдин маалыматы боюнча, кырсык 17-сентябрда Ноокен районунун Бишкек-Ош автожолунун 486 чакырымында болгон.

Бишкекти көздөй бараткан Honda Jazz үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу каршы тилкеге чыгып кетип Ош тарапка бараткан Mercedes-Benz Atego үлгүсүндөгү оор жүк ташыган автоунааны сүзгөн. Кырсыктан Honda Jazz машинасында бараткан 17, 18 жана 33 жаштагы үч жүргүнчү көз жумган.

Количество просмотров: 214