• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ноокенде Кыргызстандын президенти атындагы көчө пайда болду

10 Жетинин айы 2019 12:03 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айылында 85 түтүн жашаган көчөгө «Кыргыз Республикасынын президенти атындагы көчө» деген ат берилди. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Маалыматка ылайык, көчөгө мындай атты коюу боюнча сунуш 2018-жылдын декабрь айында айылдык кеңештин сессиясына чыгарылып колдоо тапканын, бирок көчөлөргө ат коюуга убактылуу мораторий киргизилгендиктен 2020-жылы эл каттоодо толук мыйзамдаштырылат.

Биз бул атты кимдер бирөөгө жагыныш үчүн койгон жокпуз. Эң негизгиси бизде президент кеткенден кийин эле аны каралап, революция кылып жаман окуялар болуп атат. Ошондуктан мамлекеттин улуулугу, улуттун улуулугу сыяктуу эле президенттин да улуулугун сактап калалы, президент дегенди адамдар сезип турсун, бизден да президенттер чыксын деген максатта ушул атты койдук, — деп билдирген Абдукаримов.


Количество просмотров: 93