• Жума 17 Аяк оона 2021

Ноокенге жаңы аким дайындалды

9 сентября 2021 в 9:04 Бишкек Govori.TV

Ишенбеков Таалай Ишенбекович Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна жаңы аким болуп дайындалды. ул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Тийиштүү буйрукка кечээ, 7-сентябрь күнү президент Садыр Жапаров кол койгон. Жаңы район акимин КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жамаатка жана мекеме-ишкана жетекчилерине тааныштырды.

Облус өкүлү буга чейинки мамлекеттик жаңы кадр саясатынын негизинде ротация аркылуу келген Нурлан Шаршеналиев аз убакыттын ичинде өзүнүн аймакты өнүктүрүүдөгү иш билги жөндөмүн көрсөтө алгандыгын белгиледи. Жаңыдан дайындалган Таалай Ишенбековдун жумушуна ийгилик каалап, райондун ар тараптуу өнүгүүсүндө жигердүү аракеттенүүгө чакырды.

Таалай Ишенбеков буга чейин Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси кызматын аркалап келген. Ал эми Ноокен районун жетектеп келген Нурлан Шаршеналиев Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары болду.

Количество просмотров: 139